ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Бөбөктөр үчүн жайлуу чөйрө: “Мурас” бакчасы жаңыланды

Бүгүн, 25-августта, Ош шаарынын У. Салиева көчөсү, № 15а дарегинде жайгашкан “Мурас” мектепке чейинки балдар билим берүү уюмунун имараты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, балдар үчүн эшигин кайрадан ачты.
Ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышышты.
Капиталдык оңдоп-түзөө иштери жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлүп, анын алкагында 1-кабаттагы эшиктер жана пол төшөлмөлөрү жаңыланды. Ошондой эле чатыр оңдолуп, имараттын сырты жылууланып, травертин менен капталды.
Ачылыш аземинде шаар башчысы балдар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүү шаар бийлигинин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгилеп, тарбиялануучуларга ийгиликтерди каалады. Жергиликтүү тургундар жана ата-энелер жүргүзүлгөн иштерге ыраазычылыгын билдиришти.
Жаңыланган “Мурас” балдар бакчасы эми балдарга заманбап жана жайлуу шартта билим жана тарбия алууга мүмкүнчүлүк берет.


 

Окшош жаңылыктар

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

c230c987-a445-41e6-b7f8-da3a8b4ef204

Узундугу 1,5 чакырым болгон жол оңдолууда

Видео