ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Жаңы борбор — жаңы мүмкүнчүлүктөр: Ошто тест борбору ачылды

Бүгүн Ош шаарындагы №18 А. Навои атындагы мектепте Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу жаңы тест борборунун салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.
Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Болотбек Баетов жана билим берүү тармагында эмгектенген кызматкерлер катышышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө аталган борбордун шарттары, заманбап компьютердик класстары жана тестирлөө системасынын иштөө процесси көрсөтүлүп, борбордун мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилди.
Жаңы тест борбору билим сапатын жогорулатууга, окуучулардын билим жетишкендиктерин заманбап талаптарга ылайык баалоого жана тестирлөө жүрүшүн ачык-айкын, ыңгайлуу жана сапаттуу уюштурууга багытталган.
Бул борбордун ачылышы Ош шаарындагы билим берүү тармагын санариптештирүү жана баалоо тутумун өркүндөтүү багытындагы маанилүү кадамдардын бири болуп саналат.


https://www.facebook.com/share/v/19KZHtvbXE/

Окшош жаңылыктар

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

c230c987-a445-41e6-b7f8-da3a8b4ef204

Узундугу 1,5 чакырым болгон жол оңдолууда

Видео