ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Калк арасында синтетикалык баңгизатка каршы күрөш күчөтүлөт

Ош шаарынын мэриясында синтетикалык баңгизаттарга жана дарыкана баңгилигин калк арасында жайылышын алдын алуу боюнча иштерди күчөтүү максатында жыйын өттү.

Ага Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башчысы Абдисамат Пусурманкулов, муниципалдык аймактык башкармалыктарынын, дары-дармек менен камсыздоо департаментинин жетекчилери, казыяттын өкүлдөрү катышты.

Жыйындын алкагында А. Пусурманкулов калк арасында дарыкана баңгилигинин жана синтетикалык баңгизаттардын жайылышын алдын алуу иштери боюнча маалымат берди.

Маалымдалгандай, 2023-жылдын алты айында КР ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан бирдиктүү реестрге 112 баңги кылмышы катталган. Жыл башынан бери мыйзамсыз жүгүртүүдөн 1824 кг 919 грамм баңги заты алынган.

Мындан тышкары, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан социалдык тармактар аркылуу сатууга даярдалып жаткан мыйзамсыз жүгүртүүдөн 3 кг 852 грамм салмактагы синтетикалык баңгизаттар алынган.

Жыйындын соңунда тиешелүү кызматтарга баңгизаттардын жайылышын алдын алуу боюнча кызматташууну жакшыртуу боюнча бир катар сунуштар жана демилгелер айтылып, тапшырмалар берилди.

Окшош жаңылыктар

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

c230c987-a445-41e6-b7f8-da3a8b4ef204

Узундугу 1,5 чакырым болгон жол оңдолууда

Видео