Ош шаарындагы жол инфраструктурасын модернизациялоо алкагында Курманжан датка көчөсүнүн Аматов көчөсүнөн Сүйүнбаев көчөсүнө чейинки тилкеси толугу менен жаңыланды. Белгилей кетсек, бул жол совет доорунан бери оңдолгон эмес болчу.
Жаңыланган жолдун абалы менен Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев жана Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев жеринен таанышып чыгышты.
Капиталдык оңдоодон өткөн 2 чакырым узундуктагы бул тилкеде жолдун туурасы 24 метрге чейин кеңейтилип, төрт тилкелүү заманбап жол болуп өзгөртүлдү. Жолго эки катмар асфальт төшөлүп, эки тарабына жаңы тротуарлар курулду. Ошондой эле ирригациялык арык тармактары жаңыланып, тиешелүү жол чийиндери түшүрүлдү.
Транспорттук тилкени пайдаланууга берүү менен шаардагы унаа каттамы жеңилдеп, айдоочулар менен жөө жүрүүчүлөр үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттар түзүлдү.
https://www.facebook.com/share/p/1ECgbptzJ8/
https://www.facebook.com/share/p/1ECgbptzJ8/

