ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Жылытуу мезгилине карата даярдыктар талкууланды

Бүгүн, Ош шаарынын мэриясында Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаевтин жетектөөсүндө, 2023-2024-жылдардын жылытуу мезгилине даярдык көрүү боюнча шаардык штабдын жыйыны болуп өттү.

Жыйындын жүрүшүндө Ош шаардык райондук электр тармактарынын, Ош шаарынын жылуулук электр борборунун, “Жылуулуккамсыздоо” муниципалдык ишканасынын, билим берүү башкармалыгынын, адистештирилген коммуналдык кызматтардын жетекчилери жана саламаттыкты сактоонун координаторлору күз-кыш мезгилдерине карата камылга иштери боюнча маалымат беришти.

Ага ылайык, даярдык иштери бекитилген графиктин алкагында жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары жыйындын алкагында Ош шаарынын бардык муниципалдык аймактык башкармалыктарына, Ош шаардык муниципалдык турак-жай коммуналдык башкармасы менен биргеликте көп кабаттуу үйлөрдү кышка даярдоо боюнча калкка түшүндүрүү иштерин күчөтүү, электр энергиясын колдонууда кылдат мамиле кылуу, жылуулук үчүн альтернативдик энергия булактарын (көмүр) пайдалануу зарылчылыгы белгиленип, бул боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.

Белгилей кетсек, энергия менен камсыз кылуучу ишканалардын маалыматы боюнча, кыш мезгилинде электр энергиясына чектөө киргизилиши мүмкүн.

Окшош жаңылыктар

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

c230c987-a445-41e6-b7f8-da3a8b4ef204

Узундугу 1,5 чакырым болгон жол оңдолууда

Видео