ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Жибек-Жолу муниципалдык аймактык башкармалыгында жаңы эс алуу жайы пайдаланууга берилди

«Партнер нефть» компаниясынын каржылык колдоосу менен “Оштогу жашылдандыруу жана көрктөндүрүү чарба комбинаты” муниципалдык ишканасы тарабынан атайын бөлүнгөн аймак толугу менен көрктөндүрүлдү.
 Аймакка 200гө жакын бак-дарак жана бадал, ошондой эле 4000ден ашуун гүл көчөтү отургузулду.
Мындан тышкары, балдар үчүн оюн аянтчасы, отургучтар, чакан суу оргумасы жана автоматтык сугаруу системасы орнотулуп, эс алуу жайы жарыктандырылды.
Ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, «Партнер нефть» компаниясынын өкүлдөрү, мекеме-ишканалардын жетекчилери, шаардык кеңештин депутаттары жана жергиликтүү тургундар катышышты.

Окшош жаңылыктар

1222a966-13c4-4f8c-ab19-fb22783b0ef3

Мэр: Үйү бузулган бир дагы жаран үйсүз калбайт

858987859_1460009356317957_5309757377006198829_n

Жашыл шаар: Ошто энергетика, суу жана транспорт тармактарын өнүктүрүү боюнча сунуштар иштелип чыкты

855221090_1837839254225947_7617923139357598050_n

Кулактандыруу!

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

Видео