ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Касымбеков көчөсүндө жаңы эс алуу жайын куруу иштери уланууда

Ош шаарындагы Т. Касымбеков көчөсүндө жаңы эс алуу жайын куруу жана аймакты көрктөндүрүү иштери кызуу жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө белгиленген иштер этап-этабы менен аткарылып, аймактын көркү улам жаңыланууда.
Учурда эс алуу жайынын аймагына таман таштарды төшөө иштери дээрлик аяктап, ирригациялык лотокторду орнотуу иштери жүргүзүлүүдө.
Буга чейин жөө жүрүүчүлөр үчүн тротуар курулуп бүтүп, каналдын жээги бекемделген.
Ошондой эле аймакта балдар үчүн оюн, воркаут аянтчалары, отургучтар жана башка керектүү жабдуулар орнотулат.
Учурда курулуш иштеринин кийинки этабына өтүү менен аймакты иретке келтирүү жана көрктөндүрүү иштери улантылууда.

Окшош жаңылыктар

1222a966-13c4-4f8c-ab19-fb22783b0ef3

Мэр: Үйү бузулган бир дагы жаран үйсүз калбайт

858987859_1460009356317957_5309757377006198829_n

Жашыл шаар: Ошто энергетика, суу жана транспорт тармактарын өнүктүрүү боюнча сунуштар иштелип чыкты

855221090_1837839254225947_7617923139357598050_n

Кулактандыруу!

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

Видео