Бүгүн Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толдоевдин катышуусунда 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине карата шаар тургундарын көмүр менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу маселеси талкууланды.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен биргеликте уюштурулган жыйынга көмүр өндүрүүчү ишканалардын өкүлдөрү катышты.
Жолугушууда каралган негизги маселелер:
– Жылытуу мезгилинде калктын көмүргө болгон муктаждыгын толук жабуу;
– Көмүрдүн жетиштүү көлөмүн алдын ала камдоо жана өз убагында жеткирүүнү уюштуруу;
– Баалардын негизсиз жогорулашына жол бербөө жана туруктуулукту сактоо.
Иш-чаранын соңунда шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында бардык тиешелүү тараптардын биргелешкен тыгыз иш алып баруусунун маанилүүлүгү баса белгиленди.


