ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Кайырчыларга түшүндүрүү иштери жүрөт

Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров Ош шаарында кайырчылык кылган жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, тилемчиликти жоюу, коомдук тартипти сактоо боюнча жыйын өткөрдү.

Ага Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын, билим берүү тармагынын, Ош шаардык эмгек социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын жана муниципалдык аймактык башкармалыктардын өкүлдөрү катышты.

Жыйында, тилемчиликти жоюу багытында, буга чейин жүргүзүлгөн иш-аракеттер тууралуу маалымат берилип, тилемчилик менен алектенгендердин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, алардын өздүгүн аныктоо, коомдук иштерге тартуу чараларын көрүү маселеси көтөрүлүп, чечүү жолдору талкууланды.

Жыйындын соңунда, шаар бийлиги тарабынан кайырчыларга карата профилактикалык иш-аракеттерди күчөтүү, күн сайын рейдтерди өткөрүү тапшырмасы берилди.

Окшош жаңылыктар

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

c230c987-a445-41e6-b7f8-da3a8b4ef204

Узундугу 1,5 чакырым болгон жол оңдолууда

Видео