Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев № 38 Барпы Алыкулов атындагы мектеп-гимназиясынын айланасындагы имараттарды бузуу боюнча тапшырма берди.
Аталган тилкеде учурда объектилер буздурула баштады. Имараты бузулган жарандарга мыйзамга ылайык кенемте төлөнөт.
Белгилей кетсек, билим уясынын айланасында унаа жуучу жай, кафе жана чарба буюмдар дүкөндөрү жайгашкан. Калаа башчысы башкы кезекте мектеп жайгашкан аймак кенен, окуучуларга жана мугалимдерге ыңгайлуу болушу керек деп билдирди.
https://www.facebook.com/share/r/1H7XSWwA7y/
https://www.facebook.com/share/r/1H7XSWwA7y/

