Ош шаарындагы Аношина көчөсү оңдолуп жатат. Азыр жумушчулар жолго асфальттын алгачкы катмары төшөлүп, жол аркылуу өткөн көпүрөнү бетондоо иштери жүрүүдө.
Оңдоо иштери Т. Турсунбаева көчөсүнө чейин жүрөт.
Мэр Жанарбек Акаев жумушчуларды көбөйтүп, оңдоону 5-октябрдагы шаар күнүнө чейин бүтүрүүнү тапшырды.

