Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттер аралык кеңештин ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы «БИРГЕ КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ!» («Вместе против коррупции!») аттуу Эл аралык жаштардын социалдык жана антикоррупциялык сынагын жарыялайт.
Сынак төмөнкү номинациялар боюнча өткөрүлөт:
- «Мыкты сүрөт»
- «Мыкты плакат»
- «Мыкты видеоролик»
Сынакка 10 жаштан 25 жашка чейинки жарандар жеке автор катары же чыгармачыл топтордун курамында катыша алышат.
Конкурстук иштерди кабыл алуу мөөнөтү — 2026-жылдын 1-октябрына чейин.
Өзүңүздүн чыгармачылык идеяңыз менен коррупцияга каршы позицияңызды билдирип, сынакка катышыңыз!
Конкурстун эрежелери, катышуу шарттары жана техникалык талаптар менен төмөнкү расмий сайттан тааныша аласыз:
Коррупцияга каршы күрөш — ар бирибизден башталат!
Бирге таза коомду куралы!
