Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев жарандарды жеке кабыл алып, алардын көйгөйлөрүн жана сунуштарын укту.
Кабыл алууда жер маселеси, турак жай, мыйзамсыз курулуштар, ошондой эле социалдык мүнөздөгү бир катар маселелер көтөрүлдү.
Шаар башчысы ар бир жарандын кайрылуусун өзүнчө карап чыгып, маселелерди чечүү боюнча тиешелүү муниципалдык кызматтардын жетекчилерине жеринде конкреттүү тапшырмаларды берди.
Жарандардын айрым кайрылуулары кабыл алуу учурунда эле чечилип, кошумча кароону жана тиешелүү чараларды талап кылган маселелер жооптуу жетекчилерге жүктөлдү.
https://www.facebook.com/share/r/1HWzFQEYsB/

