Бүгүн Ош шаарында «Ийгиликтүү чек ККМ – Ош!» кызыктыруучу лотереясы боюнча маалыматтык иш-чара болуп өттү.
Анын жүрүшүндө лотереянын максаты, катышуу шарттары жана “Салык чек” мобилдик тиркемеси аркылуу ККМ чектерин каттоо тартиби тууралуу маалымат берилди.
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев шаар тургундарын лотереяга активдүү катышууга чакырып, ККМ чегин талап кылуу салыктык маданиятты жогорулатууга жана шаардын бюджетин толтурууга салым кошорун белгиледи.
Лотереяга 18 жашка толгон Ош шаарынын тургундары катыша алышат. Катышуу үчүн сатып алуу же кызмат көрсөтүү учурунда ККМ аркылуу берилген чекти алып, аны “Салык чек” мобилдик тиркемесине каттоо зарыл. Катышуу акысыз.
Лотереяга Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык кызматкерлери жана салык кызматынын кызматкерлери катыша алышпайт.
Лотерея эки этапта өткөрүлөт. Биринчи этапта 2026-жылдын 1-сентябрынан 21-декабрына чейин катталган чектер катышат. Биринчи этаптын жеңүүчүлөрү Жаңы жылга карата жарыяланат.
Экинчи этап 2027-жылдын 1-январынан 30-июнуна чейин катталган чектер боюнча өткөрүлүп, анын жыйынтыгы 2027-жылдын 1-июлунда чыгарылат.
Лотереянын жалпы байге фонду 5 миллион сомду түзөт. Башкы байге — автоунаа, ошондой эле акчалай сыйлыктар каралган.
Жарандарды ар бир сатып алууда ККМ чегин талап кылып, аны “Салык чек” тиркемесине каттоого чакырабыз.
https://www.facebook.com/share/v/1FeidRSNwW/
