ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош автобекети шаар мэриясынын карамагына өттү

Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов мэриянын карамагына өткөрүлүп берилген Ош автобекетинин абалын жеринен көрүп чыкты.

Анын негизинде тиешелүү кызматтарга тезинен бекеттин аймагын асфальттоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча жумуштарды баштоону, ушул жылдын сентябрь айына чейин бүткөрүүнү тапшырды.

Ошондой эле жүргүнчүлөр жана айдоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл буруу менен автобекетти капиталдык оңдоодон өткөрүү боюнча долбоорду даярдоо тапшырмасын берди.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-июлундагы №375-токтомуна ылайык, автобекет Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилди. Имарат, буга чейин Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин карамагында болгон.

Окшош жаңылыктар

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

c230c987-a445-41e6-b7f8-da3a8b4ef204

Узундугу 1,5 чакырым болгон жол оңдолууда

Видео