Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 “Улуттук тазалык күнү жана 2023–2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, 2026-жылдын 19-сентябрында Ош шаарынын аймагында жалпы республикалык ишембилик өткөрүлөт.
Ишембиликтин негизги максаты — Ош шаарынын аймагын тазалоо, көрктөндүрүү жана санитардык абалын жакшыртуу.
Буга байланыштуу, Ош шаарынын аймагындагы бардык мекеме-ишканаларды, уюмдарды жана жарандарды, менчигинин түрүнө жана ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан, жалпы республикалык ишембиликке активдүү жана уюшкандыкта катышууга чакырабыз!
Таза шаар — жалпыбыздын жоопкерчилигибиз!
