Ош шаарынын күнүнө карата 27-сентябрдан 5-октябрга чейин шаарда маданий, спорттук жана коомдук иш-чаралар өткөрүлөт.
27-сентябрь | 09:00–10:00
- Эл аралык чуркоо марафону (Борбордук аянттан башталып, Ак-Буура үй-бүлөлүк эс алуу паркында өтөт).
29-сентябрь | 09:00–16:00
- Оор атлетика боюнча Ош шаарынын ачык биринчилиги (Бокс жана оор атлетика спорт мектеби).
12:00–16:00
- Ордо оюну боюнча студенттер арасында Ош шаарынын ачык чемпионаты (С. Супаналиев көчөсүндөгү ордо аянтчасы (ордо).
30-сентябрь | 10:00–16:00
- “WBC – Түрксой” эл аралык бокс турниринин башталышы (Ош шаардык олимпиадалык резерв спорт мектеби).
12:00–16:00
- Ордо оюну боюнча мугалимдер арасында Ош шаарынын ачык чемпионаты (С. Супаналиев көчөсүндөгү ордо аянтчасы)
15:00–18:00
- “Воркаут” боюнча Ош шаарынын ачык биринчилиги (“Шоро-воркаут” аянтчасы)
18:00–21:00
“Бир келип кетчи Ош жакка” спектакли (Автору — Арслан Койчиев, режиссеру — У. Карыпбаев, Ош улуттук драма театры).
1-октябрь | 10:00–16:00
- “WBC – Түрксой” эл аралык бокс турнири (Ош шаардык олимпиадалык резерв спорт мектеби).
15:00–17:00
- “Менким Бобур” тарыхый драмасы (Сценарийи — Нурлан Абдыкадыров, режиссеру — Нурлан Абдыкадыров, Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалуу драма театры).
2-октябрь | 17:00–18:00
- Жалпы массалык йога машыгуусу (Борбордук аянт)
3-октябрь | 10:00–16:00
- Шахмат боюнча “Ош шаарынын мэринин Кубогу” эл аралык турнири (Т. Сатылганов атындагы эс алуу багынын жайкы театры).
15:00–21:00
- “WBA Asia” профессионалдык бокс турниринин финалы (А. Сүйүмбаев атындагы стадион).
17:00–21:00
- Кыргыздын залкар жазуучусу Төлөгөн Касымбековдун 95 жылдыгына арналган эл аралык “Айтыш-2026” ачылышы (Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалуу драма театры).
4-октябрь | 10:00–16:00
- Шаар тургундары жана коноктору үчүн маданий-спорттук мелдештер (Шахмат боюнча “Ош шаарынын мэринин Кубогу” эл аралык турнири, Т. Сатылганов атындагы эс алуу багынын жайкы театры).
10:00–12:00
- “Айтыш-2026” эл аралык айтышынын жыйынтыктоо бөлүгү (Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалуу драма театры).
18:00–22:00
- Театралдаштырылган оюн-зоок жана маданий-массалык иш-чара, гала-концерт (А. Сүйүмбаев атындагы борбордук стадион).
5-октябрь | 10:00–14:00
“Шоро” ишканасы тарабынан майрамдык иш-чара (Т. Сатылганов атындагы жана башка эс алуу бактарында).
