Ош шаарында Р. Абдыкадыров көчөсү кеңейтилүүдө. Аталган көчө Б. Осмонов көчөсүнө алып чыгат. Бул максатта долбоорго кирген жеке менчик турак жайлар буздурулууда.
Шаар мэри Ж. Акаевдин тапшырмасынын негизинде менчик ээлери менен мэрдин орун басары Шумкарбек Пайзиев сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, турак жай ээлерине мыйзам чегинде тиешелүү компенсациялар толук төлөнүп берилет.
Белгилей кетсек, учурда Ош шаарында бир эле мезгилде бир нече көчөдө жолду оңдоо жана жаңылоо иштери жүрүп жатат. Алардын көпчүлүгү акыркы бир айда пайдаланууга берилди.

