Ак-Буура дарыясынын көп жылдан бери кароосуз калган жээгинин дагы 3 чакырымын көрктөндүрүү иштери жакында башталат. Бүгүн шаар мэри Б. Осмонов көчөсүнө чейинки аралыгын көрүп чыкты.
Эми дарыянын жээги жаңыланып, заманбап эс алуу аймагына айланат. Бул жерде веложол жана жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар курулуп, бак-дарактар отургузулат. Ошондой эле отургучтар орнотулуп, шаар тургундары сейилдеп, эс ала турган жаңы жашыл аймактар түзүлөт.
