Кыргыз Республикасынын калкынын коррупцияга каршы маалымдуулук деңгээлин изилдөөгө көмөк көрсөтүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мыйзам чыгаруу институту жана укуктун үстөмдүгү борбору Кыргыз Республикасынын 2026–2027-жылдарга карата коррупцияга каршы маалыматтык саясаттын мамлекеттик программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын 9-пунктун аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын калкынын коррупцияга каршы маалымдуулук деңгээлин изилдөө иштерин жүргүзүүдө.
Изилдөөнүн максаты — жарандардын коррупциянын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан чаралар, коррупциялык укук бузуулар жөнүндө билдирүү жолдору жана мыйзамдарда каралган жоопкерчилик тууралуу маалымдуулук деңгээли жөнүндө объективдүү маалымат алуу. Ошондой эле калктын коррупцияга болгон мамилесин жана жарандардын коррупциялык көрүнүштөр тууралуу билдирүүгө даярдыгын изилдөө.
Изилдөө ыктыярдуу жана анонимдүү онлайн-сурамжылоо аркылуу жүргүзүлөт. Алынган маалыматтар аналитикалык баяндама даярдоо жана мамлекеттик коррупцияга каршы маалыматтык саясатты өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн гана жалпыланган түрдө пайдаланылат.
Жарандардын изилдөөгө катышуусу ыктыярдуу.
Сурамжылоого төмөнкү шилтеме аркылуу катышсаңыз болот:
Ошондой эле сурамжылоого өтүү үчүн төмөндө жайгаштырылган QR-кодду колдонсоңуз болот.

Сурамжылоо 2026-жылдын 30-сентябрына чейин жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мыйзам чыгаруу институту жана укуктун үстөмдүгү борбору изилдөө иштерин жүргүзүүгө көрсөткөн көмөгүңүздөр үчүн ыраазычылык билдирет.
Изилдөөнүн жыйынтыктары жалпыланып, мамлекеттик коррупцияга каршы маалыматтык саясатты өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдоодо пайдаланылат.
