ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарында мамлекеттик тил күнү белгиленди

Ош шаарында 23-сентябрь – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү.
Майрамдык иш-чара Ош шаарынын мэриясынын, Ош шаардык маданият жана жаштар башкармалыгынын уюштуруусунда Бабур атындагы театрда өткөрүлдү.
Ага Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова, Ош шаардык кеңешинин депутаты Ниязбек Нурбаев, маданият кызматкерлери, чыгармачыл инсандар жана шаар тургундары катышышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз тилинин коомдогу орду, анын өнүгүүсү жана кийинки муунга өткөрүп берүү маанилүүлүгү белгиленди. Манасчылар, төкмө акындар, белгилүү эстрада ырчылары, бий жана музыкалык топтор өнөрлөрүн тартуулашты.
Ошондой эле мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча сынактын жеңүүчүлөрүнө баалуу белектер жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

    

Окшош жаңылыктар

d7d401a5-0390-4258-95d4-27fa9c073a77

Мэр мушкер Акбар Абдуллаевди кабыл алды

images

OSH INVEST FORUM 2026 : Инвестициядан өнүгүүгө

821468765_1433076462344580_3267830863119283122_n

Ош шаары менен ЕККУ: кызматташтыктын жаңы багыттары талкууланды

820291836_1432545399064353_3373869860400903791_n

Ош шаарынын мэри Казакстандын Элчисин кабыл алды

806991154_3008284289509120_263133823043184403_n

Айтылган убада аткарылды: Ош шаарында жаңы балдар ойноочу аянты пайдаланууга берилди

ad75cae1-5578-46ec-ae01-077c7276b1a9

Ош шаарында “Түштүк Экспо” жармаңкеси өтүүдө

Видео