ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарында “Түштүк Экспо” жармаңкеси өтүүдө

Ош шаарында “Түштүк Экспо-2026” жарманкеси өтүп жатат. Иш-чарада жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн, дыйкан-фермерлердин жана чет өлкөлүк ишкерлердин продукциялары коюлду.
Иш-чарада Ош шаарынын жана облустун райондорунан келген дыйкан-фермерлер айыл чарба продукцияларын сунушташууда. Ошондой эле ата мекендик өндүрүшчүлөр менен катар Орусия, Казакстан, Кытай жана башка өлкөлөрдөн келген ишкерлер өз товарларын тартуулашууда.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы, Айыл чарба министрлиги, Ош шаарынын мэриясынын тиешелүү бөлүмдөрү, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, жогорку окуу жайлар жана башка мекеме-ишканалардын өкүлдөрү катышууда.
Белгилей кетсек, жыл сайын сентябрь айынын акыркы жумасында Кыргызстанда Органикалык айыл чарбасынын улуттук күнү белгиленет. Жарманке эки күнгө созулат.


Окшош жаңылыктар

d7d401a5-0390-4258-95d4-27fa9c073a77

Мэр мушкер Акбар Абдуллаевди кабыл алды

images

OSH INVEST FORUM 2026 : Инвестициядан өнүгүүгө

821468765_1433076462344580_3267830863119283122_n

Ош шаары менен ЕККУ: кызматташтыктын жаңы багыттары талкууланды

820291836_1432545399064353_3373869860400903791_n

Ош шаарынын мэри Казакстандын Элчисин кабыл алды

806991154_3008284289509120_263133823043184403_n

Айтылган убада аткарылды: Ош шаарында жаңы балдар ойноочу аянты пайдаланууга берилди

821486861_1432287745756785_9059561640471595814_n

Ош шаарында мамлекеттик тил күнү белгиленди

Видео