Ош шаарында балдарга арналган жаңы ойноочу аянты пайдаланууга берилди. Ал А. Масалиев 58 дарегинде жайгашкан. Эске салсак, аталган даректин жашоочулары буга чейин балдар аянты жок экенин айтып, мэрияга кайрылуу кылышкан.
Жаңыланып, колдонууга берилген бул аянт эми балдардын эң сүйүктүү жайына айланат. Мында балдар үчүн футбол аянтчасы дагы курулуп, зарыл болгон бардык шарттар түзүлдү.

