ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарынын мэри Казакстандын Элчисин кабыл алды

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Абылкаир Скаковду кабыл алды.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана келечектүү багыттары талкууланды.
Шаар башчысы Ош шаары менен Казакстандын ортосунда соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык жана туризм тармактарында тыгыз өнөктөштүк орнотулганын белгилеп, бардык багыттар боюнча өз ара байланыштарды мындан ары да бекемдөөгө кызыкдар экенин билдирди.
Ошондой эле жолугушууда өлкөлөр аралык өнөктөштүктү өнүктүрүү, жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана эки тарап үчүн тең пайдалуу демилгелерди ишке ашыруу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.


Окшош жаңылыктар

d7d401a5-0390-4258-95d4-27fa9c073a77

Мэр мушкер Акбар Абдуллаевди кабыл алды

images

OSH INVEST FORUM 2026 : Инвестициядан өнүгүүгө

821468765_1433076462344580_3267830863119283122_n

Ош шаары менен ЕККУ: кызматташтыктын жаңы багыттары талкууланды

806991154_3008284289509120_263133823043184403_n

Айтылган убада аткарылды: Ош шаарында жаңы балдар ойноочу аянты пайдаланууга берилди

821486861_1432287745756785_9059561640471595814_n

Ош шаарында мамлекеттик тил күнү белгиленди

ad75cae1-5578-46ec-ae01-077c7276b1a9

Ош шаарында “Түштүк Экспо” жармаңкеси өтүүдө

Видео