Бүгүн 27-сентябрь Ош шаарынын күнүнө карата эл аралык массалык чуркоо марафону өттү. Ага Өзбекстан, Беларусь Республикаларынан, Непал, Индиядан жана өлкөбүздүн жети дубанынан жалпы 400 адам катышты.
Марафондун эрежеси боюнча спортчулар Ош шаарынын Борбордук аянтынан шаардын түштүк-чыгыш бөлүгүндөгү “Ак-Буура” үй-бүлөлүк эс алуу багына чейин жана кайра аянтка чейин, жалпы 7 чакырым аралыкка чуркашты.
Спорттук иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова катышып, катышуучуларга ийгилик каалап, марафон соңунда сыйлыктарды тапшырды. Жеңүүчүлөргө тиричилик техникалары жана баалуу белектер ыйгарылды.

