Бүгүн Көкүм-Бий көчөсү, 194–195А дарегинде эки мамлекеттик мекемени бириктирген жаңы заманбап комплекстин салтанаттуу ачылышы болду. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Болотбек Баетов, Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана шаар тургундары катышышты.
Бул масштабдуу долбоор Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу жана жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча койгон талаптарынын алкагында ишке ашты.
Объекттин курулушу үчүн жер тилкеси Ош шаарынын мэриясы тарабынан бөлүнүп берилип, курулуш иштери Президенттин фондунун жана Президенттин Иш башкармасынын каражаттарынын эсебинен каржыланган.
Жаңы ачылган комплекс эки кабаттуу А жана Б блокторунан турат. Комплекстин А блогунда Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун Ош аймактык бөлүмү жайгашты.
Мында кызматтар “бирдиктүү терезе” негизинде боюнча көрсөтүлүп, транспорт каражаттарын каттоо, мамлекеттик номерлерди жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү, унаа лабораториясы бар техникалык кароо тилкеси, 60 орундуу күтүү жана 62 орундуу теориялык экзамен залдары каралган. Ошондой эле практикалык экзамендерди тапшыруу үчүн аянты 8 500 чарчы метрди түзгөн заманбап автодром курулду.
Ал эми Б блогунда “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин калкты тейлөө борбору орун алды. Аянты 1 500 чарчы метрди түзгөн имаратта 42 адис күнүнө 1 500гө чейин жаранды тейлөөгө мүмкүнчүлүк алат.
Биринчи кабатында тейлөө залы, электрондук кезек системасы, эне жана бала бөлмөсү, касса жана паспорт берүү бөлүмү, ал эми экинчи кабатында архив менен VIP-зал жайгашкан.
Бул заманбап комплекс шаар тургундарына жана конокторуна бардык зарыл болгон мамлекеттик кызматтарды бир жерден, тез, ыңгайлуу жана жогорку деңгээлде алууга толук шарт түзөт.

