Жетимишов көчөсүнүн Раззаков көчөсүнөн Ош көчөсүнө чейинки 1400 метр узундуктагы, туурасы 14 метр болгон жол тилкесинде капиталдык оңдоо иштери дээрлик аяктап калды.
Учурда жолго асфальттын экинчи катмарын төшөө иштери жүргүзүлүүдө. Буга чейин аталган көчөнүн эки тарабына ирригациялык тармактар орнотулуп, жөө жүрүүчүлөр үчүн тротуарлар курулган.
Жолду оңдоо иштери жакынкы күндөрү толугу менен аяктайт. Бир нече күндөн соң жол пайдаланууга берилип, транспорт кыймылы үчүн ачылат.
