Бүгүн Ош шаардык Кеңешинин кезектеги XXII сессиясы өткөрүлүүдө. Сессияга Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, орун басарлары, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Болотбек Баетов, шаардык Кеңештин депутаттары жана тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери катышууда.
Сессиянын күн тартибинде:
– Ош шаарынын мэринин 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы менен шаардын социалдык-экономикалык абалы жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча отчету;
– Ош шаарындагы муниципалдык базарларда ишкерлерге түзүлгөн шарттар жөнүндө;
– Ош шаарындагы жылуулук-энергетикалык комплекс мекемелеринин 2026–2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдыгы жөнүндө;
– коомдук транспорттун бардык түрлөрүндө жүргүнчүлөр үчүн жол акынын тарифине өзгөртүү киргизүү жөнүндө;
– Ош шаарындагы көрүстөндөрдө көмүү жайларын брондоо боюнча кошумча кызматтардын коэффициентин бекитүү жөнүндө;
– Ош шаарынын туусун бекитүү жөнүндө;
– шаардагы медресе, мечиттердин жана диний борборлордун абалы жана аткарып жаткан иштери боюнча Ош шаарынын казыятынын маалыматын угуу жөнүндө;
– Ош шаарында калктын саламаттыгын сактоо багытында медицина мекемелеринин аткарып жаткан иштери жөнүндө;
– Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасынын ипотекалык жана үлүштүк багытта жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө;
– Ош шаарындагы айрым географиялык объекттерди атоо жана кайра атоо жөнүндө;
– Ош шаарынын участкалык шайлоо комиссияларынын курамдарынын резервдерине көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмелери жөнүндө;
– Ош шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун жыйынын өткөрүү жөнүндө;
– Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө;
– Ош шаардык Кеңешинин Президиумунун курамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө;
– Ош шаардык Кеңешинин күн тартибиндеги ар түрдүү маселелер каралууда.
Сессиянын жүрүшүндө шаарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү, коммуналдык кызматтардын ишин жакшыртуу, коомдук транспорт, саламаттыкты сактоо, турак жай, шаардык инфраструктура жана башка маанилүү маселелер боюнча талкуулар жүргүзүлөт.

