Ош шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын Президентинин тиешелүү тескемелери менен бекитилген иш-чаралар пландарында жана Элдик Курултайларда айтылган сунуштар, кайрылуулар жана сын-пикирлердин негизинде шаар тургундары көтөргөн маселелерди чечүү боюнча иштерди жүргүзүп келет.
Жалпысынан мэрияга тиешелүү 42 пункттун 32си аткарылып, 9 пункт боюнча иштер уланууда, 1 пунктту аткарууга мүмкүнчүлүк жок деп белгиленген.
Мындан тышкары, II, III жана IV Элдик Курултайларда айтылган сунуштарды ишке ашыруунун алкагында шаар үчүн маанилүү болгон бир катар долбоорлор аткарылды.
Жол-транспорт инфраструктурасы багытында Ош шаарындагы ички жана негизги көчөлөргө асфальт төшөлүп, бир катар көчөлөр капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Жол тыгындарын азайтуу максатында Ы. Монуев көчөсүндө эки деңгээлдүү жол өтмөгү курулуп, пайдаланууга берилди. Б. Осмонов жана Көкүм-Бий көчөлөрүнүн кесилишиндеги эстакадалык көпүрөнүн курулушу аяктап, пайдаланууга берүү алдында турат. Ошондой эле Барсбек эстелиги жайгашкан айланма жолдо көп деңгээлдүү өтмөктүн курулушу жүргүзүлдү. Н. Исанов көчөсүндө көп кабаттуу автоунаа токтотуучу жайдын долбоору иштелип чыгып, Б. Осмонов жана Ы. Монуев көчөлөрүндө автоунаа токтотуучу жайлар пайдаланууга берилди.
Суу менен камсыздоо жана коммуналдык инфраструктура боюнча да бир катар иштер аткарылууда. “Озгур” суу тазалоочу станциясынын имараттарынын ички жана сырткы фасаддары, чатырлары жаңыланды. Станцияны интеллектуалдык башкаруу долбоорун ишке ашыруу боюнча Корея Республикасынын K-water компаниясы менен кызматташуу жүргүзүлүүдө. Ошондой эле саркынды сууларды тазалоочу станциянын I комплексин модернизациялоо долбоору боюнча даярдык иштери жүрүп жатат.
Шаарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу багытында Ак-Буура дарыясынын жээктери жана шаар аймагындагы бир катар суу каналдары тазаланып, мыйзамсыз курулуштардан бошотулду. Шаар тургундары үчүн жаңы сейил бактар жана балдар ойноочу аянтчалар курулуп, пайдаланууга берилди. Алардын катарында Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги 15 гектар аянтта түзүлгөн үй-бүлөлүк парк, Анар кичи районундагы эс алуу багы жана башка коомдук эс алуу жайлары бар.
Социалдык багытта муниципалдык жатакана иштеп, үлүштүк курулуш программасынын алкагында көп батирлүү турак үйлөрдүн курулушу жүрүүдө. Ошондой эле бала бакчалардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча иштер аткарылып, айрым имараттар кайрадан социалдык багытта пайдаланууга берилди.
Экономикалык жана өндүрүштүк багытта жаңы ишканаларды ачууга жана инвестиция тартууга шарт түзүлүүдө. Акыркы жылдары шаарда соода-логистикалык борборлор жана өндүрүш ишканалары ишке киргизилди. 2026-жылы дагы бир катар өнөр жай ишканаларын ишке киргизүү пландалууда. Мындан тышкары, Ош шаарында жалпы аянты 200 гектар болгон өндүрүштүк зоналарды түзүү боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат.
Ошондой эле шаар аймагындагы административдик-аймактык өзгөрүүлөр, ирригация, айыл чарба, турак жай, жылуулук менен камсыздоо жана башка багыттар боюнча Элдик Курултайларда көтөрүлгөн маселелердин чечилиши камсыздалууда.
Ош шаарынын мэриясы Элдик Курултайларда айтылган сунуштардын аткарылышына өзгөчө көңүл буруп, шаар тургундарынын кайрылууларында көтөрүлгөн маселелерди этап-этабы менен чечүү боюнча иштерди улантууда.
