Бүгүн, Ош мамлекеттик университетинде Ош шаарынын тарыхындагы Алымбек датка, Курманжан датка жана Камчыбектин орду, тарыхый мурасы жана алардын шаар тарыхындагы мааниси тууралуу илимий конференция болуп өттү.
Иш-чара Ош шаарынын күнүнө карата мэрия тарабынан уюштурулган бир жумалыктын алкагында өткөрүлүп, ага тарыхчылар, окумуштуулар, окутуучулар, изилдөөчүлөр жана коомчулуктун өкүлдөрү катышышты.
Иш-чарада тарыхый жайларды сактоо жана кайра жандандыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Анын ичинде азыркы тергөө абагы жайгашкан аймакта мурда кербенчилер үчүн курулган тарыхый “Караван-сарай” жайгашкандыгы белгиленип, ушул тарыхый ордунда Алымбек датканын уулу Камчыбекке таандык “Камчыбектин үйүн” кайра түптөп, музей катары ишке киргизүү демилгеси талкууланды.
Мындан тышкары, тарыхый жайдын ордун изилдөө, сактоо жана реставрациялоо мүмкүнчүлүктөрү каралды.
Катышуучулар бул объектилерди тарыхый-маданий мурас катары сактап калуу менен бирге, келечекте туристтик жай катары өнүктүрүү боюнча сунуштарын билдиришти.

