Бүгүн 1-октябрь Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев шаардагы “Боорукердик үйүнө” барып, карылардан кабар алды.
Калаа башчы алар менен бирге мэрия тарабынан уюштурулган концерттик программаны көрүп, дасторкон үстүндө баарлашты.
Өз куттуктоосунда Жанарбек Акаев 2-октябрь Эл аралык карылар күнү менен куттуктап, ата-энелерге ден соолук, узак өмүр, кайраттуулук каалады. Ошондой эле мэриянын атынан акчалай сыйлык, жеке белектерди тапшырды.
Ошондой эле шаардык кеңештин төрагасы Болотбек Баетов да улгайган жарандарды куттуктап, алар дайыма мамлекеттин коргоосунда экенин кошумчалады.
Белгилей кетсек, Ош шаарынын мэриясынын “Боорукердик үйү” социалдык мекемесинде 30дан ашуун улгайган жарандар баш калкалоодо.
https://www.facebook.com/share/v/1Mu1FULnAy/
