Ош шаарынын мэри гүл өстүрүүчү заманбап күнөскананын кеңейтилген бөлүгү менен таанышты. Долбоор жакынкы убакта ишке кирип, жыл бою гүл өстүрүүгө шарт түзөт.
Күнөсканада гидропоника жана тамчылатып сугаруу системалары колдонулат. Көчөттөрү Кытай, Нидерланд, Кения жана Ташкенттен алынып келинип, Ошто өстүрүлөт. Бул ыкма уникалдуу гүл түрлөрүн жергиликтүү шартта өстүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Учурда Ош шаарындагы гүл рыногунун болжол менен 20 пайызы камсыздалса, жаңы теплицанын ишке кириши менен жергиликтүү өндүрүштүн көлөмү дагы көбөйөт. Кытайдан алынып келген бир даана розанын баасы 60–120 сом болсо, жергиликтүү өндүрүштө анын баасын 30–40 сомго чейин түшүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Мэр ишкерге ийгиликтүү иш алып баруусун каалап, шаар бийлиги жергиликтүү өндүрүштү өнүктүрүүгө жана ишкерлерди колдоого ар дайым көмөк көрсөтөрүн белгиледи.

