Ош шаарынын күнүнө карата Төлөйкөн айылында улуттук оюну — көк бөрү боюнча Ош шаарынын мэринин кубогуна арналган мелдеш башталды. Анда Өзгөн, Кара-Суу, Ноокат, Алай аймактарынан жана Ош шаарынан келген жалпы 7 команда күч сынашып, ат үстүндөгү чеберчилигин, шамдагайлыгын жана командалык даярдыгын көрсөтүүдө.
Күйөрмандар менен шаар тургундары курч мүнөздө өткөн кызыктуу таймаштарга күбө болушууда.
Улуттук спортту өнүктүрүүгө жана жаштарды спортко тартууга багытталган бул мелдештин финалдык оюндары 5-октябрда өтөт.
Соңунда жеңүүчү командаларга жана мыкты оюнчуларга Ош шаарынын мэринин кубогу, дипломдор жана баалуу сыйлыктар тапшырылат.

