Бүгүн Ош шаарынын күнүнө карата Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болотбек Баетов жана бир катар боордош шаарлардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жолугушуу өтүүдө.
Жолугушуунун алкагында Өзбекстандын Андижан облусунун администрациясы Ош шаарына 10 миң түп павловния көчөтүн белек катары тапшырды.
Көчөттөрдү Андижан облусунун акиминин орун басары Махамаджон Нишанов тапшырды. Эми көчөттөр Ош шаарын жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштерине багытталат.
