5-октябрь — Ош шаарынын күнүнө карата шаарга Азербайжандын Гянджа, Кытайдын Шицзячжуан, Түркиянын Маниса, Өзбекстандын Андижан жана Наманган шаарларынан, ошондой эле Россиянын Ярославль, Ростов-на-Дону жана Иркутск шаарларынан делегациялар келишти.
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев боордош шаарлардан келген делегацияларды расмий кабыл алып, Ош шаарынын майрамдык иш-чараларына катышып жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал шаарлар аралык достук жана кызматташтык мамилелерди мындан ары да бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Жолугушууда соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү, инвестиция тартуу, туризм, маданият, билим берүү жана башка багыттарда кызматташууну кеңейтүү боюнча пикир алышуу болду. Ошондой эле биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды.
Расмий кабыл алуунун соңунда делегациялардын өкүлдөрү бири-бирине белектерди тапшырышты. Тараптар боордош шаарлардын ортосундагы достук мамилелерди мындан ары да чыңдап, өз ара пайдалуу кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарууга даяр экендиктерин билдиришти.

