ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарынын күнүнө карата көк бөрү боюнча жаштар арасындагы чемпионат уланууда

Ош шаарынын күнүнө карата Төлөйкөн айылындагы ат майданында жаштар арасында көк бөрү боюнча мэрдин кубогуна арналган оюндар өтүп жатат.
Бүгүн мелдештин экинчи күнү. Ага 18 жаштан 24 жашка чейинки жаштар катышып, командалар А жана Б тайпаларына бөлүнгөн. Жалпысынан чемпионатта 7 команда күч сынашууда.
Мелдештин жүрүшүндө жаш көк бөрүчүлөр өздөрүнүн чеберчилигин, ылдамдыгын жана таймаштагы даярдыгын көрсөтүп жатышат. Жеңүүчүлөр жана мелдештин жыйынтыктоочу оюндары эртең аныкталат.
Мындан сырткары, иш-чаранын алкагында жаштар арасында улуттук ат оюндарынын башка түрлөрү боюнча да мелдештер уюштурулууда. Атап айтканда, батакур, кунан чабыш, ат чабыш сыяктуу оюндар өткөрүлүп, улуттук спорттун түрлөрүнө кызыккан жаштар өз күчүн сынашууда.

https://www.facebook.com/share/r/1KiRN1umGU/


Окшош жаңылыктар

833074835_1442008964784663_3130819471720128257_n

Ош шаарынын күнүнө карата улуттук спорттук мелдештер өткөрүлдү

default

Инвестиция: Ош шаарында заманбап медициналык борбор ачылды

833347183_1093116133607795_7752594070590369149_n

Ош шаарынын 3026 жылдыгы салтанаттуу белгиленди

a6ea200b-5e46-4a7f-b971-4c75f2fff418

Ош шаарында Бегиш Аматов атындагы көчө пайдаланууга берилди

834938047_1158698986499831_2380975622032703484_n

Мэрдин кубогу: Шахмат боюнча эл аралык турнир жыйынтыкталды

836163308_4635935016691756_4646787346726614131_n

Ош шаарынын мэри боордош шаарлардын өкүлдөрүн кабыл алды

Видео