Бүгүн Ош шаарында КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин аралыктан катышуусунда Озгур айылында да мектеп ачылды. С. Алымкулов мектеби Озгур айылында жайгашып, 320 га жакын окуучуга ылайыкталган.
Ачылышка Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова, шаардык кеңештин төрагасы Болотбек Баетов катышты.
Белгилей кетсек, ушу тапта Ош шаарында билим берүү мекемелери үзгүлтүксүз курулуп, пайдаланууга берилүүдө. Учурда 17 шаарда социалдык объект курулуп жатат.
