ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

200 миң сом акчалай сыйлык: Ошто мугалимдер күнү белгиленди

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында 5-октябрь мугалимдер күнүнө карата өткөн салтанаттуу иш-чарада мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады. Өз сөзүндө мэр кыргыз мугалими басып өткөн татаал жолду, азыркы түзүлгөн шарттар жана муктаждыктарды айтып өттү.
Майрамдык салтанаттын алкагында “Жылдын мыкты мугалими-2026” республикалык сынагында 1-орунду багындырган мугалимдер – Ашимжан Кебеков жана Айжан Гафаровага мэриянын атынан 200 миң сом акчалай сыйлык тапшырылды.
Ошондой эле кечеге КР Агартуу министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев, ЖК депутаты Салтанат Аманова, шаардык кеңештин төрагасы Болотбек Баетов катышты.

Окшош жаңылыктар

238187ef-d0c6-4902-bcd3-5e27a833b9af

Ош шаарында “Урпак” бала бакчасы ачылды

a83d6ca4-1657-440b-9573-0aaf2458950d

Шаар күнүндө төрөлгөн ымыркайларга белек берилди

839068339_1444848674500692_2072775587931112978_n

Ош шаарында бир күндө эки бала бакча, эки мектеп пайдаланууга берилди

836703922_1444699444515615_8434144860778293344_n

Ош шаарында 500 орундуу жаңы мектеп ачылды

837269425_1444660734519486_2153231829282063579_n

Ош шаарында 450 орундуу бала бакча пайдаланууга берилди

833074835_1442008964784663_3130819471720128257_n

Ош шаарынын күнүнө карата улуттук спорттук мелдештер өткөрүлдү

Видео