Ош шаарында мектептерден алыс жайгашкан аймактарда жашаган окуучуларды ташуу үчүн алгачкы атайын мектеп автобустары каттамга чыкты.
Бүгүн Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев окуучулар менен бирге автобуска отуруп, балдарды ташуу үчүн түзүлгөн шарттар жана транспорттун мүмкүнчүлүктөрү менен таанышты.
Мектеп автобустары коопсуздук талаптарына ылайык жабдылып, окуучулар үчүн ыңгайлуу отургучтар, кондиционер жана башка зарыл шарттар каралган.
Атайын автобустардын ишке киргизилиши мектептерден алыс жайгашкан аймактарда жашаган окуучулар үчүн билим берүү мекемелерине жеткиликтүүлүктү жогорулатууга багытталган.
Алдыда мектеп автобустарынын санын көбөйтүү пландалууда. Бул өз кезегинде шаардагы көбүрөөк окуучуларды коопсуз жана ыңгайлуу транспорт менен камсыздоого мүмкүнчүлүк берет.
https://www.facebook.com/share/v/1FSgX6Rz1P/
