Эки ай мурда Ош шаарынын мэриясы баштаган “Унаасыз бир күн – Велосипед менен жумушка аттуу челендж баштаган. Бүгүн, 7-октябрь саамалыктын жеңүүчүлөрү сыйланып, аларга акыркы үлгүдөгү велосипеддер белекке берилди.
Жеңүүчүлөр:
1-орун – Диана Умаралиева;
2-орун – Замирбек Эрнусбек уулу;
3-орун – Алмаз Маликов.
Калаанын 3 тургуну күндө велосипед менен жумушка барып, видео тартышкан. Бул өз кезегинде шаар тургундарын сергек жашоо образына, ден соолукту чыңдоого үгүттөө болуп саналат.
Ош шаарынын мэриясы эки ай боюу бул сынакка катышкан ар бир шаардыкка ыраазычылык билдирет!
