ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Кең-Сай массивинде жашоочулар үчүн шарттар жакшырат

Бүгүн 7-октябрда Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Кең-Сай массивинин тургундары менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө жашоочулар аймактагы инфраструктураны жакшыртуу боюнча бир катар сунуштарын билдиришти. Атап айтканда, массивдин негизги жолуна шагыл төшөп берүү жана электр мамыларын орнотуу боюнча өтүнүчтөрүн айтышты.

Жанарбек Акаев тургундардын кайрылуулары эске алынып, айтылган маселелерди чечүү боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлөрүн белгиледи.

Инфраструктураны жакшыртуу боюнча жүргүзүлө турган иштер массивдин жашоочулары үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүүгө багытталат.

https://www.facebook.com/share/v/1E3MWFxft4/

Окшош жаңылыктар

0aa1db85-3db1-4227-95a2-e22f058f3269

Көйгөйлөрдү ыкчам чечүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын отуруму өттү

caf398a7-d91c-42db-a595-625e11af892f

Шаар башчысы У. Салиева көчөсүндөгү жатакана тибиндеги үйлөрдүн жашоочулары менен жолугушту

3a96fd19-20ac-45d1-b03f-c70daa878737

Ош шаарында жол белгилери жаңыланууда

139a89a5-0aae-4680-8e91-403d7e28dcc4

Унаа тетиктер базары пайдаланууга берилди

839860466_1575486330546539_2051783838151187069_n

Шаар күнүн өткөрүүгө салым кошкондор сыйланды

Screenshot_2026-10-08-10-01-14-255-edit_com.android.chrome-780x470

Унаасыз жумушка барган шаар тургундары сыйланды

Видео