Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Манас-Ата аймактык башкармалыгындагы У. Салиева көчөсүндөгү №2, №4, №8 жана №10 жатакана тибиндеги үйлөрдүн жашоочулар менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө мэр көп жылдардан бери чечилбей келген көйгөйлөр менен таанышып, жашоочулардын сунуш-пикирлерин укту.
Учурда жатакана тибиндеги үйлөрдүн ордуна жаңы, заманбап көп кабаттуу турак жайларды куруу боюнча курулуш компаниялары менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.
Шаар башчысы ушул ыкма менен тиешелүү иштерди жүргүзүп, жашоочулардын көйгөйлөрүн этап-этабы менен чечүүнү убадалады.

