Ош шаарындагы көйгөйлүү маселелерди ыкчам чечүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын алгачкы отуруму өттү.
Аталган комиссия КР Президентинин 2026-жылдын 30-июнундагы кеңешменин № 1 протокулунун негизинде Ош шаарынын мэринин буйругу менен түзүлгөн.
Аталган комиссия КР Президентинин 2026-жылдын 30-июнундагы кеңешменин № 1 протокулунун негизинде Ош шаарынын мэринин буйругу менен түзүлгөн.
Отурумга комиссиянын курамына кирген укук коргоо кызматынын өкүлдөрү, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болотбек Баетов, мекеме-ишканалардын жетекчилери, мэрдин орун басарлары жана калаа башчысы өзү катышышты.
Күн тартибинде буга чейин чечилбей келген бир топ маселелер каралды. Анын жүрүшүндө бул көйгөйлөрдү ыкчам чечүү боюнча тийиштүү жетекчилерге, мэрдин орун басарларына тапшырмалар берилип, чечүү жолдору айтылды. Айтылган маселелерди кеңештин кийинки отурумуна чейин чечүү милдеттендирилди.
