Ош шаарындагы “Ош” Эл аралык аэропортунда 7-октябрь жарандык авиация күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.
Аземге Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев, “Ош” Эл аралык аэропортунун жетекчиси Тимурлан Маданбеков, шаардагы тиешелүү башкармалыктар, аэропорт жамааты катышты.
Иш-чаранын алкагында мэрдин орун басары Жарандык авиациянын түзүлгөндүгүнүн 92 жылдыгы менен жамаатты куттуктап, шаар башчысынын Ардак грамоталарын тапшырды.
