Ош шаарында V Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча чогулуштар өткөрүлөт
Урматтуу Ош шаарынын тургундары!
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 3-сентябрындагы № 309 “Кезектеги V Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгына ылайык, 2026-жылдын 18-декабрында Бишкек шаарында өтө турган V Элдик Курултайга Ош шаарынан делегаттарды шайлоо өнөктүгү башталды.
Ош шаардык Кеңешинин 2026-жылдын 29-сентябрындагы сессиясында кабыл алынган № 176 “Ош шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун жыйынын өткөрүү жөнүндө” токтому менен бекитилген графикке ылайык, делегаттарды шайлоо боюнча чогулуштар төмөнкү тартипте өткөрүлөт.
Чогулуштардын графиги
1. Алымбек-Датка муниципалдык аймагы
- * Күнү: 13-октябрь 2026-жыл
- * Убактысы: саат 10:00
- * Өтүүчү жери: № 26 Токтогул Сатылганов атындагы мектептин жыйындар залы.
2. Сулайман-Тоо муниципалдык аймагы
- * Күнү: 13-октябрь 2026-жыл
- * Убактысы: саат 10:00
- * Өтүүчү жери: М. В. Ломоносов атындагы мектептин жыйындар залы.
3. Керме-Тоо муниципалдык аймагы
- * Күнү: 13-октябрь 2026-жыл
- * Убактысы: саат 14:00
- * Өтүүчү жери: № 20 И. Раззаков атындагы мектептин жыйындар залы.
4. Манас-Ата муниципалдык аймагы
- * Күнү: 14-октябрь 2026-жыл
- * Убактысы: саат 10:00
- * Өтүүчү жери: Ош мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу институтунун залы.
5. Жибек-Жолу муниципалдык аймагы
- * Күнү: 14-октябрь 2026-жыл
- * Убактысы: саат 10:00
- * Өтүүчү жери: № 47 мектептин жыйындар залы.
6. Курманжан-Датка муниципалдык аймагы
- * Күнү: 14-октябрь 2026-жыл
- * Убактысы: саат 14:00
- * Өтүүчү жери: № 18 А. Навои атындагы мектептин жыйындар залы.
7. Жапалак айылдык аймагы
- * Күнү: 15-октябрь 2026-жыл
- * Убактысы: саат 10:00
- * Өтүүчү жери: Кеңеш айылындагы клуб.
8. Кызыл-Кыштак айылдык аймагы
- * Күнү: 15-октябрь 2026-жыл
- * Убактысы: саат 10:00
- * Өтүүчү жери: Кызыл-Кыштак айылдык аймактык башкармалыгынын жыйындар залы.
9. Төлөйкөн айылдык аймагы
- * Күнү: 15-октябрь 2026-жыл
- * Убактысы: саат 14:00
- * Өтүүчү жери: А. С. Пушкин атындагы мектептин жыйындар залы.
Урматтуу шаар тургундары!
Сиздерди V Элдик Курултайга Ош шаарынан делегаттарды шайлоо боюнча өткөрүлүүчү чогулуштарга активдүү катышууга чакырабыз.
Чогулуштар тууралуу кошумча маалымат алуу үчүн жашаган аймагыңыздардагы Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык же айылдык аймактык башкармалыктарына кайрылсаңыздар болот.
