Ош шаарындагы жаңы аталыш алган Чубак ажы Жалилов көчөсү оңдоп-түзөлүүдө.
Долбоордун алкагында узундугу 3,5 чакырым болгон жол 4 тилкелүү болуп, 24 метрге чейин кеңейтилет. Жолдун эки тарабына туурасы 2,5 метрден болгон тротуарлар курулуп, ирригациялык лотоктор орнотулат жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлөт.
Белгилей кетсек, Чубак ажы Жалилов көчөсү К. Исаков жана Базаров көчөлөрүн бириктирген шаардагы маанилүү транспорттук каттамдардын бири. Аталган жол аркылуу жүк ташуучу унаалардын кыймылы көп болгондуктан, жолдун учурдагы абалы тургундар үчүн бир топ көйгөйлөрдү жаратып келген.


