Бүгүн, 10-октябрда, Ош шаарынын күнүнө карата эл аралык OFFROAD FEST “КУБОК БАРСА” фестивалы башталды. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев катышты.
Эл аралык оффроуд фестивалы 10–11-октябрь күндөрү өтүп, ага жол тандабас унаалардын айдоочулары жана экстремалдык автоспорттун күйөрмандары катышууда.
Фестивалдын негизги максаты — автоспортту өнүктүрүү, туризмди жайылтуу жана Ош шаарынын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн эл аралык деңгээлде таанытуу.
