Бүгүн, 10-октябрда, Т. Асанов көчөсүнүн А. Алиев көчөсүнөн Алаев көчөсүнө чейинки бөлүгү капиталдык оңдоодон кийин пайдаланууга берилди. Ачылыш аземге шаар мэринин орун басары Шумкарбек Пайзиев, Ош шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Ниязбек Нурбаев, тиешелүү кызматтардын жетекчилери, тургундар катышты.
Капиталдык оңдоонун алкагында автоунаа жүрүүчү бөлүккө эки катмар асфальт төшөлүп, эки тараптан тротуарлар курулду. Ошондой эле жолдун эки тарабына ирригациялык арыктар орнотулду.
Ош шаарында жол инфраструктурасын жакшыртуу багытындагы иштер уланууда. Учурда шаардын бир катар көчөлөрүндө жолдорду капиталдык оңдоо, асфальт төшөө жана жол инфраструктурасын жаңылоо иштери жүргүзүлүп жатат.


