Сулайман-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгына караган Супаналиев көчөсүн капиталдык оңдоп-түзөө аяктап, пайдаланууга берилди. Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Шумкарбек Пайзиев, тиешелүү кызматтардын жетекчилери ,тургундар катышты.
Мурда жол жол 4 метр болсо, азыр 6 метрге чейин кеңейтилди. Ошондой эле жол жээгинде бордюрлар, ирригациялык лотоктор орнотулган. Жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар да каралган.
Ачылыш аземде сөз сүйлөгөн мэрдин орун басары жол оңдоо иштери чек эмес экени, инфраструктураны жакшыртуу иштери уланаарын билдирди.


