ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарында волейбол боюнча өлкө чемпионаты жыйынтыкталды

9-11-октябрь күндөрү Ош шаарында эркектер жана кыз-келиндер командалары арасында волейбол боюнча Кыргыз Республикасынын XVIII чемпионатынын жыйынтыктоочу III туру болуп өттү.
Бул турда кыз-келиндер арасынан “Бишкек”, “Салам-Алик”, “Дордой”, “Ош”, ал эми эркектер арасынан “СКА МО”, “ВВ МВД”, “Кара-Суу” жана “Бек. Жалалабат” клубдары күч сынашты.
Айлампа оюндарынын жыйынтыгында кыз-келиндер арасында “Ош” клубу чемпиондук титулды багындырса, “Дордой” экинчи, “Салам-Алик” үчүнчү орунга ээ болду.
Эркектердин беттешүүсүндө “Бек. Жалалабат” клубу жеңүүчү аталып, “Кара-Суу” экинчи, “ВВ МВД” курамасы үчүнчү орунду камсыздады.
Мелдештердин соңунда салтанаттуу сыйлоо аземи өтүп, ага Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова катышып, жеңүүчүлөргө сыйлыктарды тапшырды.

Окшош жаңылыктар

6fb207f6-9d57-4c1f-b994-9cd8b3101c8b

Chevrolet Estocada борбору расмий ачылды

323d6770-8503-488f-a092-708e2b2d5a13

Супаналиев көчөсү жаңыланды

1850f74d-67eb-47db-9a92-b435488d80de

Т. Асанов көчөсү капиталдык оңдоодон өттү

301c3e4c-212f-4315-bcae-fb8cd00f84d1

Ош шаарында эл аралык OFFROAD FEST “КУБОК БАРСА” фестивалы өтүүдө

a763df2b-a8be-4687-9b45-23c8412b2bbf

Чубак ажы көчөсүндө 4 тилкелүү жол курулууда

840900509_1447762950875931_6808665237211980040_n

Кулактандыруу!

Видео